2013-жылдын 30-декабырында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» конституциялык Мыйзамга кол койду.
Конституциялык мыйзам 2013-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Конституциялык мыйзамдын 14-беренеси төмөндөгүдөй мазмундагы 81-бөлүк менен толукталган:
«81. Өкмөттүн ачык жыйналышынын видео- жана аудио жазып алуулары толук көлөмдө кыскартылбай жыйналыш өткөрүлгөндөн кийин 2 жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн расмий сайтына же болбосо Өкмөттүн расмий сайтына шилтемелерди милдеттүү жайгаштыруу менен жалпыга жеткиликтүү видеопорталдарга жарыяланат. Өкмөттүн жыйналышынын видео- жана аудио жазып алууларын белгиленген мөөнөттө жарыялоо мүмкүнчүлүгү болбогондо Өкмөттүн Аппараты жазып алуулар жарыялана турган мөөнөтү жөнүндө маалымат жарыялайт.».
Конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Мыйзамдын тексти >>>.