Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

2013-жылдын 30-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын  аскер кызматкерлерин жана укук коргоо органдарынын мамлекеттик кызмат орундарынын  иштелип чыккан реестри мамлекеттик административдик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри сыяктантып,  кыйла  системаланып, бирдейлештирилди.

Ошондой эле аскер кызматкерлеринин жана укук коргоо органдарынын кызмат орундарын мындан ары бирдейлештирүү максатында  Жарлыкта  атайын ченем каралган. Ага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  алты айлык мөөнөттө   күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин  аттестациядан өткөн  курамы менен жарандык кызматкерлердин ортосунда функцияларды чектөө жана штаттык санын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизүү милдети тапшырылган.

Мындан тышкары   айрым мамлекеттик органдардын кайрылууларына, ошондой эле кызмат орундарын мындан ары бирдейлештирүүгө байланыштуу мамлекеттик кызмат орундарынын жана муниципалдык кызмат орундарынын Реестрине түзөтүү киргизүү каралган.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2013-жыл 31-декабрь