Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу» жана «Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө» Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө» Жарлыктарга кол койду.

3 Жарлык Кыргыз Республикасынын жарандыгына  654 адамды (625 чоң киши жана 29 бала) кабыл алуу жөнүндө, алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар, Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мурдагы жарандары.

1 Жарлык Германия Федеративдүү Республикасына, Россия Федерациясына, Казакстан Республикасына, Бельгия Королдугуна, Америка Кошмо Штаттарына туруктуу жашоого кеткен 50 адамдын (44 чоң киши жана 6 бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 228 Жарлыгы >>>.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 229 Жарлыгы >>>.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 230 Жарлыгы >>>.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 231 Жарлыгы >>>.

2013-жыл 21-декабрь