Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргызстан - Кытай» газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Бүгүн, 2013-жылдын 30-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Кыргызстан - Кытай» газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын  25-декабрында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кытайлык тарапка Кыргыз Республикасынын көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө билдирүү тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 30-декабрь