Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Каныбек Осмоналиев I даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды

Бүгүн, 2013-жылдын 30-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Каныбек Осмоналиевди I даражадагы «Манас» ордени менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, республикада спортту өнүктүрүүгө жана өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого кошкон зор салымы үчүн чыгаан спортсмен, эмгек сиңирген машыктыруучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Осмоналиев Каныбек I даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.

2013-жыл 30-декабрь