Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өмүрбек Мамбеталиев Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясынын кызматынан бошотулду

2013-жылдын 26-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңешинин сунушу боюнча Мамбеталиев Өмүрбек Акылбекович өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын  жүргүзүүдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2013-жыл 27-декабрь