Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Билим берүү жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 14-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам Мыйзамдын 47-беренесинин 6-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүүнү карайт, ага ылайык мамлекеттик билим берүү уюмдарынын имараттары жана курулмалары мамлекеттик билим берүү уюмдарына гана эмес, ошондой эле, муниципалдык билим берүү уюмдарына да өткөрүлүп берилиши мүмкүндүгү каралган.

Ошондой эле Мыйзамда «мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттары жана курулмалары менчиктештирилүүгө жана сатылууга жатпай» тургандыгы белгиленет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 24-декабрь