Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Тышкы миграция жөнүндө» Мыйзамга толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 14-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам визасы болгон учурда кирүүгө уруксат бербөө, аны өтүнгөн адамга, баш тартуу чечимин чыгарган укук берилген мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан мындай баш тартууну негиздөө аркылуу жазуу жүзүндө токтоосуз билдирүүнү аныктайт (Мыйзамдын 7-статьясынын 3-бөлүгү).

13-статья 3-бөлүк менен толукталат, ага ылайык чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына кирүүгө виза берүү жөнүндө өтүнүчүн кароо мөөнөтү беш жумушчу күндөн ашык эмести түзөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2013-жыл 24-декабрь