Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

2013-жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2013-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүү, мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү Жогорку Кеңештин жыйналыштар күндөрү саат 15.00дөн тартып өткөрүүнү жана добуш берүү убактысында мыйзам долбоорлорун талкуулоого жол берилбестигин белгилейт.

Азыркы редакциянын 85-берененин 1-бөлүгү менен мыйзам долбоорлору боюнча биринчи жана экинчи окууларда добуш берүү аларды талкуулоодон кийин өткөрүлөөрү каралат. Мыйзам долбоорлору боюнча үчүнчү окууда добуш берүү ар бир бейшембинин экинчи жарымында, Жогорку Кеңеш тарабынан аныкталган мөөнөттө өткөрүлөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 28-ноябрь