Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Россиянын Өкмөттөрүнүн ортосундагы Федералдык миграция кызматынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

2013-жылдын 27-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2011-жылдын 21-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Федералдык миграция кызматынын (Россия Федерациясы) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 24-октябрында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жолжоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө россиялык тарапка кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

 

2013-жыл 28-ноябрь