Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Курагынын чегине жеткендигине байланыштуу Ош шаардык сотунун төрагасынын ыйгарым укуктары токтотулду

Бүгүн, 2013-жылдын 13-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 8-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына жана 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

Курагынын чегине жеткендигине байланыштуу мурда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалган жана Ош шаардык сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Бекчанова Кымбат Айнакуловнанын ыйгарым укуктары 2013-жылдын 25-октябрынан баштап токтотулсун.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2013-жыл 13-ноябрь