Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду (КР Граждандык кодексине, КР Эмгек кодексине, “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, КРда мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтолуучу бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” КР Мыйзамдарына).

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган.

Бул мыйзам КРда пенсиялык тутумду мындан ары реформалоо, пенсиялык жыйымдардын каражаттарынын туруктуулугун жана сакталуусун камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруусун жөнгө салуучу КРдын мыйзамдык базасын өркүндөтүү максаттарында иштелип чыккан.

2013-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кире турган бул мыйзамдын 1-беренесинин 4-пунктун жана 3-беренесинин 1-пунктун кошпогондо, бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

 

2013-жыл 7-август