Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Аба кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган. Кыргыз Республикасынын Аба кодекси аба кемелери, авиациянын түрлөрү түшүнүгүн жана аны пайдалануу тартибин кеңири ачып берүүчү айрым беренелер менен толукталган. Жеке, спорттук жана окуу-машыгуу максатында пайдаланылуучу авиация түшүнүгү киргизилет.

Мыйзамдын негизги максаттарынын бири Кыргыз Республикасында жогорку жеңилдиктеги жана жеңил авиацияны өнүктүрүү болуп саналат. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Аба кодексине жогорку жеңилдиктеги жана жеңил авиациянын учуучу аппараттарын издөө-сактап калуу жана авариялык-сактоо иштерин жүргүзүүдө, табигый кырсыктар учурунда жардам көрсөтүүдө, айыл чарбасында авиахимиялык иштерди, туристтик учууларды аткарууда, аэрофотосүрөттөрдү, топографиялык сүрөттөрдү тартууда, фотографиялоодо жана башка иш чараларда колдонууну жөнгө салуучу түзөтүүлөр киргизилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

 

2013-жыл 7-август