Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү» долбоору боюнча Макулдашуу-каты ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Бишкек шаарында 2013-жылдын 23-майында кол коюлган «Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу-катын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине көрсөтүлгөн Макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына кабарлоо тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 17-июль