Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Эмгек кодексине Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин эмгегин жөнгө салуу боюнча толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 30-майында кабыл алган.

Ага “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бирге Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жоболорун аталган мыйзамдын жаңы редакциясы менен шайкештикке келтирүү максатында кол коюлду.

Аталган максаттарда Эмгек кодексине чет өлкөгө узак иш сапар – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет мамлекеттердеги же чет өлкөдө жайгашкан эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык мекемелерине жана мамлекеттик органдардын өкүлчүлүгүнө иштөөгө мамлекеттик кызматчыларды иш сапарга жиберүү түшүнүгү киргизилет.

Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары дипломатиялык кызмат органдарына жана алардын кызматкерлерине атайын мыйзам менен жөнгө салынбаган ченемде жайылтары белгиленет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 16-июль