Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө жаңы мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 30-майында кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын укуктук негизин белгилейт, анын милдеттерин, иш-милдеттерин аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын мамлекеттик кызматчыларынын эмгектик жана башка мамилелерин жөнгө салат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кабыл алынган Мыйзамга ылайык, 2002-жылдын 25-июлундагы № 131 «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп табылды.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 16-июль