Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасы бекитилди

Бүгүн, 2013-жылдын 15-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасы жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасы аскер курулушуна жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик түзүмдөрүн даярдоого жана Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын куралдуу коргоо үчүн пайдаланууга расмий кабыл алынган көз караштар тутуму болуп саналат.

 Ал дүйнөдөгү жана региондогу азыркы аскердик-саясий абалды эске алуу менен иштелип чыккан жана аскердик чөйрөдөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты калыптандырууга, мамлекеттик бийликтин, коомдун жана жарандардын күч-аракеттерин аскердик коопсуздук жаатындагы милдеттерди чечүүгө бириктирүүгө багытталган.

Аскердик доктринаны жүзөгө ашыруу боюнча иш чараларды иштеп чыгуу жана анын аткарылышын камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жүктөлдү.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2013-жыл 15-июль