Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосунда Тараз-Талас-Суусамыр автожолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча Насыялык макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосунда 2013-жылдын 3-апрелинде кол коюлган Тараз-Талас-Суусамыр автожолун кайра конструкциялоо, III фаза долбоору боюнча Насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Ислам Өнүктүрүү Банкына билдирүү тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

 

2013-жыл 15-июль