Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Чек аралык кызматтарды региондук жакшыртуу» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2013-жылдын 22-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Чек аралык кызматтарды региондук жакшыртуу» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Азия өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы жөнүндө кабарлоо тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 15-июль