Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймактарында аскердик инфратүзүм объекттерин жайгаштыруу жөнүндө протокол ратификацияланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Москва шаарында 2011-жылдын 20-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аймактарында аскердик инфратүзүмдүн объектилерин жайгаштыруу жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмунун Катчылыгына билдирүү тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

 

2013-жыл 15-июль