Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Айылды инвестициялоон экинчи долбоору үчүн Экинчи кошумча каржылоо» боюнча каржылоо жөнүндө Кыргызстан менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Макулдашуу ратификацияланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2013-жылдын 20-майында кол коюлган «Айылды инвестициялоонун экинчи долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо» боюнча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине белгиленген тартипте Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясына кыргыз тараптын жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну күчүнө кириши үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы жөнүндө кабарлоо тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

 

2013-жыл 15-июль