Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасы өркүндөтүлөт

Бүгүн, 2013-жылдын 12-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системасын өркүндөтүү маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлык менен 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасын өнүктүрүү Программасы жана аны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы бекитилген.

Программаны кабыл алуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун толук кандуу жана заманбап системасын киргизүүгө өбөлгө түзөт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасын өнүктүрүү программасы  мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасын өркүндөтүүнүн максаттары менен негизги багыттарын, ошондой эле каралган иш-чараларды каржылык камсыздоону жана жүзөгө ашыруу механизмдерин аныктоочу фундаменталдуу документ болуп калат.

Ошондой эле Программада мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасындагы чечүүнү талап кылган негизги проблемалар белгиленген.

Окутуунун натыйжалуу системасын түзүү,  мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесипкөйлүгүнүн өсүүсү жана натыйжада мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугунун жогорулоосу менен калкка көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу жана жалпысынан калктын жыргалчылыгын жогорулатуу каралууда.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2013-жыл 12-июль