Бүгүн, 2013-жылдын 10-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын 2011-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 13-июнунда кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын 2011-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчет атайын каражаттарды эске алуу менен кирешелер боюнча 69 237, 3 млн. сом суммасында, чыгашалар боюнча 83 085 3, млн. сом суммасында, чыгашалардын кирешелерден ашуу суммасы 13 848 0, млн. сом менен бекитилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет