Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Билим берүү жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 6-июнунда кабыл алган.

Анда билим берүү программаларын, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын көз карандысыз аккредитациялоо институтун киргизүү; мамлекеттик эмес коммерциялык эмес аккредитациялоо уюмдарын түзүү; жогорку окуу жайларынын бир бөлүгүн өз алдынча каржылоо шарттарында иштеген мамлекеттик коммерциялык эмес жогорку окуу жайлары статусуна которуу каралат.

Мыйзам:

- баштапкы, орто билим берүү жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары үчүн – 2014-жылдын 1-сентябрынан тартып;

- башка билим берүү уюмдары үчүн – 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып  күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 5-июль