Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Маданият жөнүндө” Мыйзамга толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Маданият жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 6-июнунда кабыл алган.

Ал “Маданият жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын “Фонограммалар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына шайкеш келтирүү максатын көздөйт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 5-июль