Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Гулайым Эркебаева Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынын кызматынан четтетилди

Бүгүн, 2013-жылдын 5-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Г.А. Эркебаева жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна Г.А. Эркебаеваны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу жана  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1-,2-бөлүктөрүнө ылайык токтом кылынат:

Эркебаева Гулайым Абдыганиевна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн четтетилсин.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2013-жыл 5-июль