Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 18-апрелинде кабыл алган.

Ал медицина кызматкерлеринин ишмердигинин укуктук, социалдык-экономикалык мамилелерин жөнгө салууну карайт, медицина ишмердиги менен алпурушкусу келгендерге талаптарды, алардын негизги укуктарын жана милдеттерин жана бул ишмердикти ишке ашыруудагы жоопкерчилигин аныктайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

2013-жыл 30-май