Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 25-апрелинде кабыл алган.

Мыйзам эл аралык келишимдердин (БУУнун трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы 2000-жылдын 15-ноябрындагы конвенциясы, БУУнун баңги каражаттарын жана психиканы бузуучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш жөнүндө 1988-жылдын 20-декабрындагы конвенциясы, БУУнун коррупцияга каршы 2003-жылдын 31-октябрындагы конвенциясы жана Терроризмди каржылоо менен күрөшүү жөнүндө 1999-жылдын 9-декабрындагы эл аралык конвенция)  ченемдерин имплементациялоо жана ФАТФтын 2011-жылдын 28-октябрындагы Пленардык отурумунда бекитилген иш-аракеттердин мерчеминде каралган иш чараларды аткаруу максатында кабыл алынган.

Аталган максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө” КР Мыйзамына түзөтүүлөр киргизилет. Алсак, Кылмыш-жаза кодексинин 183- (Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо), 226-1 (Терроризмди каржылоо) беренелери бул кылмыштардын квалификациялоочу белгилерин конкреттештирген жаңы редакцияда кабыл алынды.

“Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө” КР Мыйзамынын негизги атоолор менен түшүнүктөрдү ачып берген, ошондой эле операцияларды токтото туруу жана террористтик иш-аракеттерге тийешеси бар жеке адамдар менен юридикалык жактардын каражаттарын тоңдуруп коюуну белгилеген 1 жана 25 беренелери да жаңы редакцияда кабыл алынды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

2013-жыл 30-май