Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жергиликтүү соттордун судьяларын бошотуу жана дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын бошотуу жана дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Кыргыз Республикасынын 4 Аскердик сотунун судьялар корпусу жаңыргандыгын белгилей кетсек болот. Жаңы курамга штаттагы иштеп жаткан 13 судьянын 5өө өттү (38,5%).

Мурда сот тутумунда иштебеген 5 жаңы судья келди.

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентине 2013-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын 4 Аскердик сотунун судьялык кызматтарына дайындоо үчүн 13 талапкер боюнча сунуштарды киргизген.  

Колдо болгон материалдарды изилдөөнүн негизинде жана алардын ар бири менен аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын эске алып, мамлекет башчысы сунушталган 3 талапкер боюнча материалдарды жүйөлөнгөн негиздеме менен Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешине кайтарган жана 10 талапкер боюнча бул Кеңештин сунуштары менен макул болгон. 

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти 3 жарлыкка кол койду.

Биринчи жарлык менен конкурс боюнча тандалып алынган 10 талапкер 2013-жылдын 28-майынан жергиликтүү соттордун судьяларынын кызматына Конституцияга ылайык мөөнөткө дайындалышты:

- Абыканов Канат Арзыматович;

- Асанов Муратбек Аланович;

- Ашымбеков Нурланбек Ашымбекович;

- Джунусов Эркин Маткаримович;

- Кабылбеков Таалайбек Мейманжанович;

- Карабеков Алмаз Маматбекович;

- Кожомбердиев Бакыт Кожомбердиевич;

- Сулайманов Жолдошбек Атакеевич;

- Суеркулов Эрлан Оморалиевич;

- Тентимишов Марлэн Бактыгулович.

Экинчи жарлык менен 2013-жылдын 28-майынан баштап дайындалган 10 судьянын 5өө – Кыргыз Республикасынын Аскердик сотуна, 2өө – Бишкек гарнизонунун Аскердик сотуна, 2өө – Ош гарнизонунун Аскердик сотуна, 1өө – Баткен гарнизонунун Аскердик сотуна жергиликтүү соттордун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилишти:

- 2013-жылдын 28-майынан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары Кыргыз Республикасынын Аскердик сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:

- Асанов Муратбек Аланович;

- Ашымбеков Нурланбек Ашымбекович;

- Джунусов Эркин Маткаримович;

- Кожомбердиев Бакыт Кожомбердиевич;

- Сулайманов Жолдошбек Атакеевич.

- 2013-жылдын 28-майынан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары Бишкек гарнизонунун Аскердик сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:

- Карабеков Алмаз Маматбекович;

- Тентимишов Марлэн Бактыгулович.

- 2013-жылдын 28-майынан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары Ош гарнизонунун Аскердик сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:

- Кабылбеков Таалайбек Мейманжанович;

- Суеркулов Эрлан Оморалиевич.

- 2013-жылдын 28-майынан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Абыканов Канат Арзыматович Баткен гарнизонунун Аскердик сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин.

Үчүнчү жарлык менен 2013-жылдын 28-майынан баштап Кыргыз Республикасынын 4 Аскердик сотунун иштеп жаткан судьялар курамы толук курамында (13 судья) аталган соттордун судьялык кызматтарынан бошотулду:

2013-жылдын 28-майынан баштап Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунун иштеп жаткан төмөнкү судьялары кызматтарынан бошотулсун:

Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунан:

- Алиев Узбек Адамович;

- Ашымбеков Нурланбек Ашымбекович;

- Аземкулов Барктабас Шаршеналиевич;

- Калилов Аязбек Эсентаевич;

- Карабеков Алмаз Маматбекович;

- Кожомбердиев Бакыт Кожомбердиевич;

- Мамытов Закирбай Торулуевич;

Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунан

- Апышев Алмазбек Апышевич;

- Бектемиров Жакыпбек Барыктабасович;

- Тентимишов Марлэн Бактыгулович;

Ош гарнизонунун Аскердик сотунан:

- Арабаев Бакыт Исаевич;

- Суеркулов Эрлан Оморалиевич;

Баткен гарнизонунун Аскердик сотунан - Адыл уулу Улан.

Жарлыктар кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

2013-жыл 29-май