Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Канайым Бактыгулова Кыргызстандын Кытайдагы Элчиси болуп дайындалды

Бүгүн, 2013-жылдын 29-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин кол койгон жарлыгына ылайык, Бактыгулова Канайым Жумадиловна Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

К.Ж. Бактыгулова жөнүндө маалымат.

1973-жылы туулган, кыргыз.

Билими жогорку, 1995-жылы Ляонин университетин (Кытай), 1995-жылы (сырттан окуу) Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетин, 2003-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын бүтүргөн.

Дипломатиялык кызматтагы тажрыйбасы – 17 жыл.

1996  - 1997 - Кыргыз Республикасынын ТИМинин Азия, Африка жана Тынч океан өлкөлөрүнүн башкармалыгынын стажеру, катчы-референти,  атташеси.

1998 – 2001 – Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинин атташеси.

2001 – 2005 – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөр башкармалыгынын 3-катчысы, Чыгыш өлкөлөр департаментинин 2-катчысы.

2005 – 2007 - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөр департаментинин Азия 1-бөлүмүнүн башчысы.

2007  - 2010 - Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинин кеңешчиси, Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын алдындагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү.

2010 - 2011 - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директорунун орун басары.

2011 - 2012 - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору.

2012 - 2013 - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси – Министрдин катчылыгынын жетекчиси.

"1- класстагы кеңешчи" дипломатиялык рангы бар.

Кытай жана англис тилдерин билет.

2013-жыл 29-май