Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүнө тийиштүү бир катар мыйзамдарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев төмөнкү Мыйзамдарга кол койду:

- “Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”;

- “Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”;

- “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу”.

Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 18-апрелинде кабыл алган.

Кабыл алынган мыйзамдар менен архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик орган менен архитектуралык-курулуш көзөмөлү жана контролу кызматтарын ишке ашыруучу мамлекеттик органдын ортосундагы ыйгарым укуктары чектелет. Бул иш саясатты аныктоо жана аны жүзөгө ашыруу боюнча көзөмөлдөө кызматтарын ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктардын бир мамлекеттик органда айкалыштырылып калуусуна жол бербөө максатында кызматтарды чектөөнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүзүп жаткан аткаруу бийлигинин органдарына администрациялык реформанын чектеринде жасалууда.

Мыйзамдар расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын тексти >>>.

“Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын тексти >>>.

“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Мыйзамдын >>>.

2013-жыл 28-май