Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Авазбек Абдуразаков Кыргызстандын Афганистандагы Элчиси болуп дайындалды

Бүгүн, 2013-жылдын 2-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Абдуразаков Авазбек Ишенбаевич Кыргыз Республикасынын Афганистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

А.И. Абдуразаков жөнүндө маалымат

АБДУРАЗАКОВ АВАЗБЕК ИШЕНБАЕВИЧ

1961-жылы туулган, кыргыз.

Билими жогорку, 1985-жылы В.И. Ленин атындагы Ташкент Мамлекттик университетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1985-жылы «Прогресс» басмаканасында (Москва шаары) Жакынкы Чыгыш тилдеринин редакциясынын редактору болуп баштаган.

1990 - 1992 жылдары - «Союзвнештранс» линиясы боюнча биргелешкен совет-афган «Астра» акционердик коомунун котормочусу.

1992-жылдын ноябрында - КР Тышкы иштер министрлигинин Азия, Африка жана Тынчтык океан бөлүмүн Биринчи катчысы болуп дипломатиялык кызматка дипломатиялык кызматка алынган.

1994-жылдын мартында - «ОМА» кыргыз-япон биргелешкен ишкананын директору болду.

1996-жылы - Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин жардамчысы болуп дайындалды.

1997-жылдын сентябрынан баштап – Экономикалык Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысынын жардамчысы.

1998-2004 жылдары – Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилигин кеңешчиси-кичи элчиси.

2005-2013 - «Кыргызтемиржолсервис» ЖЧК коммерциялык директору.

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи элчиси дипломатиялык рангы бар (2003-ж.).

2013-жыл 2-май