Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Эгемберди Эрматов Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды

Бүгүн, 2013-жылдын 29-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Эрматов Эгемберди Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды.

Ошондой эле, Президенттин буйругу менен, Тюменбаева Чолпон Дүйшеевна  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруудан бошотулду.

 

2013-жыл 29-апрель