Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

2013-жылдын 23-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 14-мартында кабыл алынган.

Мыйзам ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» мыйзамдын жоболорун  Конституцияга, “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө”,  “Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарга  шайкеш келтирүү максатында кабыл алынды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 24-апрель