Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

Бүгүн, 2013-жылдын 24-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 14-мартында кабыл алган.

Ал салык кызматы органдарына салык төлөөчүнүн салык отчётун берүү жол-жобосун жеңилдетүү максатын көздөйт. Мыйзам салык отчётторун жана декларацияларды электрондук түрдө жана электрондук санариптик колтамгасыз берүү мүмкүндүгүн карайт. Ошол эле учурда Логинди жана Купуя белгини пайдалануу салык төлөөчүнүн тийешелүү түрдө жана жетишерлик идентификациясы жана салык органынын интернет-сайты аркылуу бухгалтердик жана салык отчётторун берүү кызматынан пайдалануу укугун тастыктоосу болуп саналары эске алынат.

Атап айтсак, Салык кодексинин 28-беренесине (Салык төлөөчүнүн электрондук документи жана санариптик колтамгасы) жана 86-беренесине (Салык отчётторун түзүү жана берүү тартиби) түзөтүүлөр киргизилген.

Өкмөт өз ченемдик укуктук актыларын аталган мыйзам менен шайкеш келтирүүсү керек.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 24-апрель