Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясын кызматынан бошотту

Бүгүн, 2013-жылдын 24-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “М.А.Абдыкалыков жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Президенттин жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Кыргыз Республикасынын судьясы М.А. Абдыкалыковду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу Абдыкалыков Мамасадык Абдыкалыкович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн четтетилди.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

2013-жыл 24-апрель