Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун төрагасын кызматынан бошотту

Бүгүн, 2013-жылдын 24-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “С. Камбаралиев жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Президенттин жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши Кыргыз Республикасынын судьясы С. Камбаралиевге карата ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартип чарасын колдонгондугуна байланыштуу  Камбаралиев СатаралиКыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

2013-жыл 24-апрель