Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жайыл райондук сотунун судьясын кызматынан бошотту

Бүгүн, 2013-жылдын 24-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “У.А. Араев жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Президенттин жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин сунушу боюнча Араев Улан Абдыжапарович2013-жылдын 22-апрелинен баштап өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

2013-жыл 24-апрель