Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

2013-жылдын 18-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 14-мартында кабыл алган.

Ал курчап турган чөйрөнү кирдетүүчү заттарды, өнөр жай жана турмуш-тиричилик калдыктарын таштоо, көрктөндүрүү эрежелерин бузуу менен  булгоонун алдын алууга максатталган.

Мыйзам өзгөчө коргоодогу табигый аймактарды булгагандыгы, ыйгарым укуктуу органдар тарабынан иштерди кароонун баш ийүүчүлүгүн өзгөрткөндүгү үчүн администрациялык айыптарды көбөйтүүнү, администрациялык жоопкерчиликти карайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 19-апрель