Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

2013-жылдын 18-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 28-мартында кабыл алган.

Ал «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Мыйзамынын мамлекеттик тилдеги текстин адабий тилдин ченемдерине ылайык келтирүүгө жана мыйзамдын айрым ченемдерин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары менен шайкеш келтирүүгө максатталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 19-апрель