Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Бүгүн, 2013-жылдын 18-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 14-мартында кабыл алган.

«Бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы мамлекеттик кызматкерлерди бажы органдарына кызматка алган учурда иштеген жылдарын мурда бар аскердик жана атайын наамдарына, класстык чендерине эсеп кылууну караган “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” жана “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамдары менен шайкештикке келтирилет.

Мындан тышкары, киргизилген түзөтүүлөргө ылайык өздүк ишти жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, ал эми өргүү берүү тартиби жана курал жана атайын каражаттарды алып жүрүү, колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 18-апрель