Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Бүгүн, 2013-жылдын 18-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 14-мартында кабыл алган.

Ал ар кимдин тынч жыйындарга укугун жүзөгө ашырууга байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө сала турган “Тынч чогулуштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.

Бул максаттарда мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 392- жана 564-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 148-беренесине мурда пайдаланылып жүргөн “чогулуштар, митингдер, көчө жүрүштөрү, демонстрациялар” ж.б. деген саноолордун ордуна “тынч чогулуш” деген түшүнүктү киргизүүнү камтыган редакциялоо мүнөзүндөгү өзгөртүүлөр киргизилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 18-апрель