Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Талас облустук сотунун судьялык корпусу жаңыланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын бошотуу жана дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Талас облустук сотунун судьялык корпусу жаңыланды. Конкурстук тандоодон облсоттун иштеп жаткан 2 судьясы гана өттү, бул облустук соттун штат боюнча  10 судьясынын үчтөн бирин (20 %) түзөт. Мурда сот тутумунда иштебеген төртөөнү кошкондо, жаңы 5 судья келди.

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши 2013-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине Талас облустук сотунун судьялык кызматына дайындоо үчүн 10 талапкер боюнча сунуш киргизген.

Колдо болгон материалдарды изилдөөнүн негизинде жана алардын ар бири менен аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын эске алып, мамлекет башчысы сунуш кылынган 3 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди жана 7 талапкер боюнча бул кеңештин сунуштарына макул болду.

Кыргыз Республикасынын Президенти 4 жарлыкка кол койду.

Биринчи жарлык менен конкурс менен тандап алынган төмөндөгү 7 талапкер 2013-жылдын 17-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялыгына дайындалышты:

- Абдиева Замира Мунарбековна;

- Боромбаев Мирлан Искакович;

- Жамангулов Жыргалбек Жамангулович;

- Ибраимов Молдозак Исмаилович;

- Калиева Клара Жакшылыковна;

- Омуралиев Бакыт Социалович;

- Токтосун уулу Каныбек.

Экичи жарлык менен жергиликтүү соттун төмөндөгү 7 судьясы 2013-жылдын 17-апрелинен баштап Талас облустук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

- Абдиева Замира Мунарбековна;

- Боромбаев Мирлан Искакович;

- Жамангулов Жыргалбек Жамангулович;

- Ибраимов Молдозак Исмаилович;

- Калиева Клара Жакшылыковна;

- Омуралиев Бакыт Социалович;

- Токтосун уулу Каныбек.

Үчүнчү жарлык менен 2013-жылдын 17-апрелинен баштап Талас облустук сотунун иштеп жаткан төмөнкү судьялары толук курамында (7 судья) облустук соттун судьялык кызматынан бошотулду:

- Айтымбетов Мелис Жамадилович;

- Барыктабасова Эльмира Бектургановна;

- Ибраимов Молдозак Исмаилович;

- Кенжешов Мирбек Мамбеттурсунович;

- Калиева Клара Жакшылыковна;

- Маматбекова Айканыш Мырсабековна;

- Момуналиев Адис Жолдошбекович.

Төртүнчү жарлык менен Талас облустук сотуна дайындалган жана жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилген  Абдиева Замира Мунарбековна 2013-жылдын 17-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

2013-жыл 18-апрель