2013-жылдын 12-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 8-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына жана 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:
Курагынын чегине жеткендигине байланыштуу мурда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына дайындалган жана Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Нуржанова Анаштын ыйгарым укуктары 2013-жылдын 18-апрелинен баштап токтотулсун.
Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.