Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

2013-жылдын 11-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 7-мартында кабыл алган.

Ал оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн кошумча жазалардын түрлөрүн кеңейтүүгө максатталган.  

Аталган максатты жүзөгө ашыруу үчүн атайын класстык ченинен, дипломатиялык рангынан жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 42-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген кошумча жазалардын түрлөрүнүн тизмесине кошулат. Тийешелүү түзөтүүлөр КР КжКнын кошумча жазаларды колдонуу шарттарын караган 51-беренесине да киргизилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 12-апрель