Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ош шаарында оорукана комплексин куруу боюнча Кыргызстандын жана Кытайдын Өкмөттөрүнүн ортосундагы Макулдашуу ратификацияланды

Бүгүн, 2013-жылдын 11-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Бирге алганда Ош шаарында оорукана комплексин куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жана офистик эмеректин бөлүгүн жана медициналык жабдууларды берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзгөн Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин катына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2012-жылдын 25-майындагы жооп катын ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 28-мартында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте кытай тарапка көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө билдирүүгө тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 11-апрель