Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 7-мартында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам анын редакциясын КР Жарандык кодексинин (1037-берене – Интеллектуалдык менчиктин объектилери) жана КРнын интеллектуалдык менчик жаатындагы колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине (“Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыккан жерлердин аталыштары жөнүндө” мыйзам жана КРнын Патент мыйзамы менен) ылайык келтирүү максатында «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамдын 8-беренесине түзөтүүлөрдү карайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

 

2013-жыл 8-апрель