Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө» Мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 7-мартында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты «Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө» Мыйзамынын айрым ченемдерин жакшыртуу жана сууну пайдалануучулардын ассоциацияларын тескөөнү жана өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүгө,  алардын ортосунда суу чатактарынын пайда болушун алдын алууга, ошондой эле сугат жана дренаж тутумдарын кыйла майнаптуу пайдалануу жана кармоо үчүн потенциалын консолидациялоого мүмкүндүк берген сууну пайдалануучулардын ассоциацияларынын союздарын түзүү жана алардын иш-аракети үчүн укуктук негиздерди камсыз кылуу болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

 

2013-жыл 3-апрель