Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүүжөнүндө» мыйзамга кол койду.
Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 14-февралында кабыл алган.
Ал Салык кодексинин КР аймагына импорттолуучу технологиялык жабдууларды жана ферроэритүүчү мешинин элементтерин жеткирүүнү КНС төлөөдөн бошотууну караган 257-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктуна (импорттолуучу товарларды КНСтен бошотуу) толуктоо киргизет.
Мыйзам Таш-Көмүр шаарында ферросиликоалюминий өндүрүү боюнча Кыргыз ферроэритүүчү заводун куруу долбоору боюнча инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Бул иш Өкмөттүн 2007-жылдын 23-августундагы №360 “Кыргыз Республикасында ферроэритүүчү заводун куруу жөнүндө” токтомуна ылайык жүзөгө ашырылууда.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.