Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы келишим ратификацияланды

Бүгүн, 2013-жылдын 14-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы келишимдиратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 28-февралында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ратификациялоо грамоталарын алмашууну жүргүзүүгө тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

 

2013-жыл 14-март